19:10
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

БШК кайсы партияга шайлоодон кийин күрөөөнү кайтарарын ачыктады

Бир мандаттуу округдарга талапкерлерин көрсөткөн партия Борбордук шайлоо комиссиясынын эсебине күрөөгө 1 миллион сом которот. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Шайлоодон кийин төмөнкү учурда гана күрөө кайтарылып берилет:

  • 1 пайыздан аз эмес добуш алган болсо;
  • Жогорку Кеңешке талапкерлердин тизмеси БШК тарабынан каттоого алынбай артка кайтарылса;
  • шайлоо бюллютени жана текстти түзүлгөнчө ат салыштан баш тартса;
  • шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылса.

Күрөө кайтарылбайт:

  • талапкерди, партиянын тизмесин добуш берүү күнүнө чейин мыйзам бузгандыгы үчүн каттоодон баш тартса;
  • партиянын добуштары жокко чыгарылса.
Эң көп окулган жаңылыктар