03:52
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Казакстанда Кытай элчилигинин алдына акцияга чыккан жарандар кармалды

23-сентябрь күнү кечинде Шинжаңдагы лагерлерде камалып жаткан туугандарын бошотууну талап кылып Кытайдын Казакстандагы элчилигинин алдына акцияга чыккан ондогон киши кармалды.

Алардын арасында иниси Кытайдын Шинжаң аймагында камакта жаткан активист Байболат Кунболатулы да бар. Полиция кызматкерлери аны Facebook баракчасында түз эфирге чыгып жаткан маалда кармап кетишти.

«Полиция элчиликтин алдына акцияга чыккан бардык аялдарды кармап кетти. Алар каякка жеткирилгени белгисиз», — деп билдирген ал бир мүнөттүк видеосунда.

Нур-Султан шаардык полиция департаментинен аларда акция катышуучуларынын кармалганы боюнча маалымат жок экенин, кийинчерээк билдирүү болорун кабарлашты.

Жакындары Шинжаңдагы лагерлер менен түрмөлөрдө күч менен кармалып турганын айткан онго жакын адам апта башынан бери Кытайдын Нур-Султандагы элчилигинин алдына топтолуп, бул өлкөнүн элчиси Чжан Сяонунун Казакстандан чыгып кетишин талап кылып жатышкан. Алар 22-сентябрда дипломатиялык өкүлчүлүктүн алдында түн жарымга чейин туруп, сууктан улам үйлөрүнө тарап кетүүгө аргасыз болушкан. Чогулгандардын көбүн пенсия курагындагы улгайып калган аялдар түзөт.

23-сентябрда алар алгач БУУнун Нур-Султандагы кеңсесине барып, уюмдун баш катчысы Антониу Гутерриштин атына жазылган катты тапшырышкан. Андан соң Кытай элчилигине барышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар