20:07
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

COVID-19. Бир суткада 87 кишиден вирус аныкталып, 2 киши каза болду

Кыргызстанда 24-сентябрга карата коронавирус дагы 87 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 41, Чүй облусунда — 16, Ош облусунда — 4, Талас облусунда — 2, Нарын облусунда — 5, Ысык-Көл облусунда — 12, Жалал-Абад облусунда — 4, Баткен облусунда — 3 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 92 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 48, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 17, Ош облусунда — 2, Талас облусунда — 2, Нарын облусунда — 7, Ысык-Көл облусунда — 11, Жалал-Абад облусунда — 2, Баткен облусунда — 2 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Чүй жана Жалал-Абат облустарында бирден бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 535 бейтап, амбулатордук түрдө 858 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 123 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 172 миң 657 киши айыгып чыкса, 2 миң 597 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума