18:29
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 72 кишиден вирус аныкталып, 3 киши каза болду

Кыргызстанда 22-сентябрга карата коронавирус дагы 72 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 37, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 6, Ош облусунда — 1, Талас облусунда — 4, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 14, Жалал-Абад облусунда — 4, Баткен облусунда — 3 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 100 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 45, Чүй облусунда — 24, Ош облусунда — 4, Талас облусунда — 2, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 17, Жалал-Абад облусунда — 4, Баткен облусунда — 2 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте бир, Ысык-Көл облусунда эки бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 542 бейтап, амбулатордук түрдө 862 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 817 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 611 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 941 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 172 миң 469 киши айыгып чыкса, 2 миң 595 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар