21:31
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

COVID-19. Бир суткада 89 кишиден вирус аныкталып, 2 киши каза болду

Кыргызстанда 21-сентябрга карата коронавирус дагы 89 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 53, Чүй облусунда — 17, Ош облусунда — 1, Талас облусунда — 2, Нарын облусу — 1, Ысык-Көл облусунда — 6, Жалал-Абад облусунда — 6, Баткен облусунда — 3 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 108 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 47, Чүй облусунда — 10, Ош облусунда — 3, Талас облусунда — 8, Нарын облусунда — 5, Ысык-Көл облусунда — 12, Жалал-Абад облусунда — 10, Баткен облусунда — 13 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте эки бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 571 бейтап, амбулатордук түрдө 865 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 815 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 605 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 869 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 172 миң 369 киши айыгып чыкса, 2 миң 592 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар