15:45
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 58 кишиден вирус аныкталып, 2 киши каза болду

Кыргызстанда 20-сентябрга карата коронавирус дагы 58 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 36, Чүй облусунда — 6, Талас облусунда — 14, Нарын облусу — 1, Ысык-Көл облусунда — 9, Жалал-Абад облусунда — 5 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 72 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 39, Чүй облусунда — 10, Талас облусунда — 5, Ысык-Көл облусунда — 9, Жалал-Абад облусунда — 4, Баткен облусунда — 5 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Чүй облусунда эки бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 591 бейтап, амбулатордук түрдө 868 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 814 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 599 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 780 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 172 миң 261 киши айыгып чыкса, 2 миң 590 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар