20:54
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

COVID-19. Бир суткада 83 кишиден вирус аныкталып, 2 киши каза болду

Кыргызстанда 17-сентябрга карата коронавирус дагы 83 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 31, Чүй облусунда — 17, Ош облусунда - 4, Талас облусунда - 4, Нарын облусу — 6, Ысык-Көл облусунда — 12, Жалал-Абад облусунда — 8, Баткен облусунда - 1 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 113 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 43, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 23, Нарын облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда — 22, Жалал-Абад облусунда — 8, Баткен облусунда — 12 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек жана Чүй облусунда бирден бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 589 бейтап, амбулатордук түрдө 910 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 812 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 588 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 567 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 172 миң 15 киши айыгып чыкса, 2 миң 583 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар