13:20
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 95 кишиден вирус аныкталып, 3 киши каза болду

Кыргызстанда 16-сентябрга карата коронавирус дагы 95 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 57, Ош шаарында - 2, Чүй облусунда — 23, Нарын облусу — 1, Ысык-Көл облусунда — 8, Жалал-Абад облусунда — 4 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 135 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 57, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 34, Ош облусунда - 4, Талас облусунда — 5, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 12, Жалал-Абад облусунда — 12, Баткен облусунда — 7 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте эки, Нарын облусунда бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 594 бейтап, амбулатордук түрдө 941 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 811 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 580 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 484 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 171 миң 902 киши айыгып чыкса, 2 миң 581 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар