10:09
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

COVID-19. Бир суткада 81 кишиден вирус аныкталып, 2 киши каза болду

Кыргызстанда 15-сентябрга карата коронавирус дагы 81 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 32, Ош шаарында - 2, Чүй облусунда — 17, Талас облусунда — 2, Ош облусунда - 2, Нарын облусу — 3, Ысык-Көл облусунда — 10, Жалал-Абад облусунда — 10, Баткен облусунда 3 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 117 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 45, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда — 21, Ош облусунда - 1, Талас облусунда — 8, Нарын облусунда — 10, Ысык-Көл облусунда — 15, Жалал-Абад облусунда — 8, Баткен облусунда — 6 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек жана Ысык-Көл облусунда бирден бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 603 бейтап, амбулатордук түрдө 978 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 810 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 572 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 389 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 171 миң 667 киши айыгып чыкса, 2 миң 578 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар