13:44
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 68 кишиден вирус аныкталып, 2 киши каза болду

Кыргызстанда 13-сентябрга карата коронавирус дагы 68 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 21, Ош шаарында - 3, Чүй облусунда — 15, Нарын облусу — 4, Ысык-Көл облусунда — 8, Жалал-Абад облусунда — 4, Баткен облусунда 3 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 95 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 48, Ош шаарында — 32, Чүй облусунда — 25, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 14, Жалал-Абад облусунда — 2, Баткен облусунда — 2 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 2 бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 649 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 21 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 8031 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 562 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 226 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 171 миң 523 киши айыгып чыкса, 2 миң 574 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар