Нарын районунун Кеңеш айылындагы контейнерде окуган окуучулар быйыл жаңы мектепке киришет. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, 150 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады.
«15-сентябрда мектеп ачылат. Балдар окуп баштайт. Айрым бүтпөгөн иштер бар, алар бүткөрүлөт», — дейт обладминистрация.