22:06
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

COVID-19. Бир суткада 100 кишиден вирус аныкталып, 3 киши каза болду

Кыргызстанда 10-сентябрга карата коронавирус дагы 100 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 49, Чүй облусунда — 20, Ош облусу - 2, Талас облусунда — 4, Нарын облусу — 5, Ысык-Көл облусунда — 11, Жалал-Абад облусунда — 4, Баткен облусунда 5 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 132 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 62, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 30, Ош облусунда — 3, Талас облусунда — 2, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 24, Жалал-Абад облусунда — 4, Баткен облусунда — 4 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 3, Ысык-Көл облусунда бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 690 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 94 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 176 миң 983 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 171 миң 180 киши айыгып чыкса, 2 миң 566 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар