03:44
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Бишкекте дагы бир көчө оңдолуп, ачылды

Армейский көчөсүнүн Кийизбаев көчөсүнөн Мамбетов көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык ондоодон кийин ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирет.

Көчөнүн узундугу 480 метр, ал эми туурасы 7 метрди түзөт. Көчөнүн бир жагына жөө адамдар өтүүчү өтмөк, экинчи жагына арык тармагы салынды. Бул көчөдө № 53 мектеп жайгашкан, ошондуктан биринчи кезекте жол белгилери жана чийиндери чийилген.

Жөө адамдар өтүүчү өтмөктү курууга тоскоолдук жараткан тосмолор кызыл сызыктан чыгып, аны жылдыруу учуру узак убакка созулуп, жумуш кечирээк аяктады.

Эң көп окулган жаңылыктар