02:43
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Эгемендүүлүккө 30 жыл. Бишкекте борбордук көчөлөр жабылат

Эгемендиктин 30 жылдык мааракесин майрамдоо салтанатын уюштуруу жана өткөрүү иштери учурунда Бишкектин бир нече көчөсү саат 02:00 тартып жабылат. Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, Чүй проспекти менен Абдумомунов көчөсү Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик көчөсүнө чейин жабык болот.

Аскер парадына катышуучу атайын техникалардын жүрүүсүнө шарт түзүү үчүн Валиханов, Чүй, Тыныстанов, Гоголь көчөлөрү, Чүй жана Фучик көчөлөрүнүн кесилиши, Профсоюзный көчөсү да жабылат.

Отуз жылдык мааракеге байланыштуу бүгүн, 31-августта Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтанаттуу иш-чара өтөт.
Борбордук Ала-Тоо аянтында көз карандысыздыктын 30 жылдыгына арналып аскер парады, театрлаштырылган оюн-зооктор жана концерттик программа болот.

Эң көп окулган жаңылыктар