11:34
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкекте үч көчө оңдолуп, ачылды

«Бишккасфальтсервис» муниципалдык ишканасы шаардын үч көчөсүн оңдоду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Леваневский көчөсүнүн Лев Толстой көчөсүнөн Асаналиев көчөсүнө чейинки узундугу 780 метр болгон бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Шаар тургундары көчөдө коопсуз жүрүүсү үчүн 51 жол белгисин орнотуп, узундугу 1400 метрге жол чиймелерин жасадык.

Ошондой эле, Пишпек көчөсүнүн Дэн Сяопин көчөсүнөн Жамгырчинов көчөсүнө чейинки бөлүгү айдоочулар үчүн ачык. Биз узундугу 700 метр жерди оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк, реконструкциядан кийин унаа жолунун туурасы 9 метрди түзөт. Жол коопсуздугу үчүн 26 жол белгиси орнотулуп, узундугу 1450 метр жол чиймелерин чийилди.

Оңдоп-түзөөдөн кийин көчөлөрдүн унаа жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 9 метрди түзүп, тротуар, унаа токтотуучу жай, сугат системасы, дренаждык торлор, жолдун жана тротуардын бордюрлары эки тараптан коюлду.

Васильев көчөсүнүн Манас көчөсүнөн Түлөбердиев көчөсүнө чейинки жол куруу иштери аяктады.

Көчөнүн ондолгон бөлүгүнүн узундугу 630 метр, унаа жолунун туурасы 7 метрди түзөт. Жолдун жайгашуусун эске алуу менен тротуарды жана сугат системасын бир жактан гана жабдууга мүмкүн болду. Ошондой эле жол белгилери жана жол чиймелери каралган.

Эң көп окулган жаңылыктар