01:55
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Чет элдик компаниялар ЖЭБ-2ни курууга кызыгууда

Британия, Түркия жана Кытай компаниялары Бишкек Жылуулук электр борбору — 2ни (ЖЭБ-2) курууга кызыкдар.

Бул тууралуу парламенттин 8-сентябрдагы жыйынында энергетика жана өнөр-жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев депутат Наталья Никитенконун суроосуна жооп берип жатып билдирди. Эл өкүлү ЖЭБ-2ни курууга канча каражат кетерине жана анын техникалык экономикалык аныктамасы (ТЭО) иштелип чыккан-чыкпаганына кызыкты. Ал ЖЭБге жакын жашаган тургундарды башка жакка көчүрүү маселесин сурады.

«Электр станциялары» ТЭОго тендер жарыялаган. Жакында аягына чыгып, биз колго алабыз. Баасын азыр айта албайбыз. Ал эми тургундар көчүрүлбөйт. Ал жерде 62,2 гектар жер каралып жатат. Азыр ушул тилкеге кура турган инвесторлорду издеп жатабыз. Үч — британ, түрк жана кытай компаниялары кызыгуусун билдирүүдө. ТЭО бүткөндөн кийин меморандумга кол коюп, ишти баштайбыз", — деди министрдин орун басары.

Буга чейин президенттин администрациясы ЖЭБ-2ни курууну жандантып, кубаттуулугун 460 МВт жеткирип, 2-5 жыл ичинде бүтүрүү пландалып жатканын билдирген.

ЖЭБ-2нин долбоору 1991-жылы иштелип чыккан. Долбоор боюнча негизги отун катары жаратылыш газын колдонуу пландаштырылган. Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2ни 100 гектардан ашык жерге эки этап менен куруу мерчемделген. Бирок СССР кулап, газ менен жабдуу үзгүлтүккө учурагандан кийин объектинин курулушу токтоп, 47 гектар аянттагы ЖЭБ-2нин санитардык зонасына акырындык менен жеке турак үйлөр курулуп кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар