21:41
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 100 кишиден вирус аныкталып, 3 киши каза болду

Кыргызстанда 7-сентябрга карата коронавирус дагы 100 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 40, Чүй облусунда — 26, Ош облусунда — 3, Талас облусунда — 3, Нарын облусу — 2, Ысык-Көл облусунда — 19, Жалал-Абад облусунда — 3, Баткен облусунда 4 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 121 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 37, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 47, Ош облусунда — 2, Талас облусунда — 10, Нарын облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда — 11, Жалал-Абад облусунда — 3, Баткен облусунда — 5 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек, Талас жана Чүй облустарында бирден бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 788 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 139 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 798 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 531 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 176 миң 682 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 170 миң 745 киши айыгып чыкса, 2 миң 557 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар