07:32
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

COVID-19. Бир суткада 175 кишиден вирус аныкталып, 5 киши каза болду

Кыргызстанда 3-сентябрга карата коронавирус дагы 175 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 85, Чүй облусунда — 31, Ош облусу - 3, Талас облусунда — 4, Нарын облусу — 2, Ысык-Көл облусунда — 32, Жалал-Абад облусунда — 8, Баткен облусунда 10 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 92 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 25, Чүй облусунда — 28, Ош облусунда — 3, Талас облусунда — 5, Нарын облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 12, Жалал-Абад облусунда — 5, Баткен облусунда — 7 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек менен Чүй облусунда экиден, Нарын облусунда бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 960 бейтап, амбулатордук түрдө 979 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 790 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 508 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 176 миң 193 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 170 миң 261 киши айыгып чыкса, 2 миң 541 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар