Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 28-ноябрга дайындалган парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, бир нече саясий партия кайрылды. БШКнын 31-августта маалымдаганы боюнча, «Кыргызстан биримдигинин патриоттук партиясы» кайрылып, шайлоонун уюштуруу иштерине ишенимдүү адамын сунуштаган.
Буга чейин шайлоого катышуу ниетин билдирип, Социал-демократтар, «Улуттар биримдиги», «Ишеним», «Альянс», Кыргызстан Жашылдар партиясы жана «Жаратман эл» партиялары кайрылган.
Боршайком бекиткен календарлык планга ылайык, 28-ноябрга дайындалган Жогорку Кеңештин 7-чакырылыштагы депутаттарын шайлоого катышууну көздөгөн партиялар 3-сентябрь, саат 18:30га чейин расмий билдирүү калтырышы керек.
Шайлоого талапкерлерди каттоо 28-октябрга чейин жүрөт.
Жаңы конституциялык мыйзамдарга ылайык, парламент 90 депутаттан турат, беш жылдык мөөнөткө шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келе алат.