11:59
USD 84.78
EUR 99.84
RUB 1.17

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамына кол коюлду

Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо» жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду.

2021-жылдын 11-апрелинде өткөн референдумда КР жаңы Конституциясы кабыл алынган (президент 2021-жылдын 5-майында кол койгон). Анда Жогорку Кеңешти түзүүнүн жаңы жол-жоболору каралып, депутаттарды шайлоого мүмкүн болгон шайлоо жөнүндө тиешелүү мыйзамды иштеп чыгуу жана кабыл алуу талап кылынган.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин шайлоосун аралаш шайлоо системасы боюнча өткөрүү каралат.

Президент кол койгон мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеш саясий партиялардын тизмеси (54 мандат) жана бир мандаттуу округ боюнча (36 мандат) калыптанат. Мыйзамдын күчүнө кириши Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону жаңы Конституция менен дайындоого мүмкүндүк берет.

Аталган мыйзам бүгүнкү күндөн тартып күчүнө кирет.

Эң көп окулган жаңылыктар