15:06
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

COVID-19. Бир суткада 249 кишиден вирус аныкталып, 6 киши каза болду

Кыргызстанда 19-августка карата коронавирус дагы 249 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 84, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда — 77, Ош облусунда — 3, Талас облусунда — 13, Нарын облусу — 12, Ысык-Көл облусунда — 26, Жалал-Абад облусунда — 15, Баткен облусунда 16 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 498 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 183, Ош шаарында — 6, Чүй облусунда — 70, Ош облусунда — 23, Талас облусунда — 20, Нарын облусунда — 13, Ысык-Көл облусунда — 74, Жалал-Абад облусунда — 55, Баткен облусунда — 54 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 4, Чүй облусунда 2 бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 744 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 714 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 694 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 337 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 173 миң 186 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 164 миң 842 киши айыгып чыкса, 2 миң 468 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар