USD87.45EUR98.08RUB1.04
24.kg

Ооганстандан тогуз кыргыз жараны эвакуацияланды

14:59, 17 августа 2021, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстандагы туруксуз абалдан улам тогуз кыргызстандык эвакуацияланганын маалымдады. Учурда башка жарандарды алып келүү боюнча иштеп жатканын кабарлады.

«17-августта элчиликтин жардамы менен Кыргыз Республикасынын тогуз жараны эвакуацияланды. Калган жарандар коопсуз жайда. Учурда аларды Кабулдагы Кыргызстандын дипломатиялык мекемесинин имаратына алып келүү иштери жүрүп жатат», — деп айтылат билдирүүдө.

Мекеме Ооганстандагы памирлик кыргыздардын виза жана эвакуация жөнүндө кайрылуусу боюнча маалымат текшерилип жатканын кошумчалады.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18