16:06
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 341 кишиден вирус аныкталып, 6 киши каза болду

Кыргызстанда 17-августка карата коронавирус дагы 341 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 151, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда — 93, Ош облусунда — 1, Талас облусунда — 15, нарын облусу — 11, Ысык-Көл облусунда — 29, Жалал-Абад облусунда — 22, Баткен облусунда — 16 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 656 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 202, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда — 59, Ош облусунда — 17, Талас облусунда — 17, Нарын облусунда — 21, Ысык-Көл облусунда — 91, Жалал-Абад облусунда — 82, Баткен облусунда — 69 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 3, Чүй облусунда 2, Чүй облусунда бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 920 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 67 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 685 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 305 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 172 миң 668 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 163 миң 810 киши айыгып чыкса, 2 миң 457 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар