16:22
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

COVID-19. Бир суткада 237 кишиден вирус аныкталып, 5 киши каза болду

Кыргызстанда 16-августка карата коронавирус дагы 237 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 120, Ош шаарында — 4, Чүй облусунда — 37, Ош облусунда — 1, Талас облусунда — 7, Ысык-Көл облусунда — 39, Жалал-Абад облусунда — 11, Баткен облусунда — 18 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 656 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 191, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 23, Ош облусунда — 19, Талас облусунда — 12, Нарын облусунда — 10, Ысык-Көл облусунда — 69, Жалал-Абад облусунда — 81, Баткен облусунда — 62 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 2, Чүй облусунда 2, Нарын облусунда бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 101 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 112 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 679 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 291 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 172 миң 327 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 163 миң 249 киши айыгып чыкса, 2 миң 451 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар