19:50
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

COVID-19. Бейтапты дарылоо үчүн мамлекет канча каражат коротот?

«Ооруканаларга акы төлөө үчүн, ММК фонду Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте COVID-19 менен ооруган бейтаптарды дарылоо жана байланышта болгон адамдарга байкоо жүргүзүү менен байланышкан учурлар үчүн төлөмдүн суммасын кайра эсептеп чыкты», — деп билдирди ММК фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Өскөмбаева.

Аны айтымында, эсептөөлөр COVID-19 менен ооругандарга медициналык кызмат көрсөткөн алты саламаттык сактоо уюмунун иш жүзүндөгү чыгымдары боюнча маалыматтардын негизинде жүргүзүлгөн.

«Төлөмдүн өлчөмү ПЧР лабораториялык изилдөөлөрүнө кеткен чыгымдарды эсепке албастан эсептелет (коомдук саламаттык сактоо кызматы тарабынан жүргүзүлөт), жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга кеткен чыгымдар жана медициналык кызматкерлердин эмгек акысы эске алынбайт, анткени алар саламаттык сактоо уюмдарынын негизги бюджетинен каржыланат. Иштелип чыккан акы төлөө механизми коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптардын абалын эске алат (жеңил, орточо, оор жана өтө оор)», — деди ал.

Коронавирус инфекциясын дарылоого байланыштуу ооруканага жаткыруу үчүн төлөмдүн өлчөмү:

  • Жеңил даражадагылар үчүн — 1 миң 951 сом;
  • Орто даражадагылар үчүн — 4 миң 670 сом;
  • Оор даражадагылар үчүн — 18 миң 329 сом;
  • Өтө оор даражадагылар үчүн — 37 миң 843 сом.

Мындан тышкары, байланышта болгон адамдарга байкоо жүргүзүү үчүн ооруканаларга төлөм төлөө каралган (1 миң 862 сом).

Эң көп окулган жаңылыктар