13:59
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Дан эгинин импорттоо бир жылга салыктан бошотулду

Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов тарабынан кол коюлган токтомго ылайык дан эгинин импорттоо жана ун жеткирүүлөр 1 жылга кошумча нарк салыгынан бошотулду.

Алсак, 2021-жылдын 1-августунан тартып 2022-жылдын 1-августуна чейинки мезгилде төмөнкүлөргө кошумча нарк салыгынын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө белгиленди:

— түздөн-түз импорттоочу, ошондой эле Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан унду кайра иштетүүгө арналган данды импорттоо боюнча;

— түздөн-түз импорттоочу тарабынан ата мекендик дандан өндүрүлгөн унду салык салынуучу жеткирүүлөр боюнча.

Бул унга болгон базар баасын турукташтыруу, ошондой эле айыл чарбалык товар өндүрүүчүлөрдүн эффективдүү иштеши үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында ишке ашырылды.

Бул демилге ички азык-түлүк рыногунда терс кесепеттерди болтурбоого багытталган жана ата мекендик чарбалык субъекттер тарабынан унду кайра иштетүү үчүн данды ташып кирүүнүн түрдүүлүгүн жана көлөмүн жогорулатат жана Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылат.

Бул чечим 2021-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.

Эң көп окулган жаңылыктар