12:02
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 471 кишиден вирус аныкталып, 6 киши каза болду

Кыргызстанда 10-августка карата коронавирус дагы 471 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 2121, Ош шаарында — 7, Чүй облусунда — 110, Ош облусунда — 5, Талас облусунда — 14, Нарын облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда — 38, Жалал-Абад облусунда — 60, Баткен облусунда — 21 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 995 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 342, Ош шаарында — 10, Чүй облусунда — 254, Ош облусунда — 33, Талас облусунда — 28, Нарын облусунда — 34, Ысык-Көл облусунда — 55, Жалал-Абад облусунда — 125, Баткен облусунда — 114 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 4, Ысык-Көл облусунда 2 бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 609 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 481 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 17 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 626 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 150 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 169 миң 971 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 159 миң 280 киши айыгып чыкса, 2 миң 413 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума