18:52
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

COVID-19. Бир суткада 658 кишиден вирус аныкталып, 8 киши каза болду

Кыргызстанда 6-августка карата коронавирус дагы 658 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 345, Ош шаарында — 9, Чүй облусунда — 80, Ош облусунда — 18, Талас облусунда — 10, Нарын облусунда — 14, Ысык-Көл облусунда — 59, Жалал-Абад облусунда — 74, Баткен облусунда — 49 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 1 миң 532 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 1 миң 41, Ош шаарында — 38, Чүй облусунда — 115, Ош облусунда — 66, Талас облусунда — 28, Нарын облусунда — 29, Ысык-Көл облусунда — 29, Жалал-Абад облусунда — 80, Баткен облусунда — 106 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 4, Чүй облусунда 3, нарын облумунда бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 173 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 874 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 574 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 43 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 167 миң 734 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 153 миң 934 киши айыгып чыкса, 2 миң 380 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар