02:48
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

COVID-19. Бир суткада 958 кишиден вирус аныкталып, 10 киши каза болду

Кыргызстанда 30-июлга карата коронавирус дагы 958 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 574, Ош шаарында — 6, Чүй облусунда — 128, Ош облусунда — 26, Талас облусунда — 13, Нарын облусунда — 24, Ысык-Көл облусунда — 52, Жалал-Абад облусунда — 78, Баткен облусунда — 57 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 1 миң 485 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 997, Ош шаарында — 40, Чүй облусунда — 131, Ош облусунда — 61, Талас облусунда — 26, Нарын облусунда — 22, Ысык-Көл облусунда — 33, Жалал-Абад облусунда — 93, Баткен облусунда — 82 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 5, Чүй облусунда 4, Жалал-Абад облусунда бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 888 бейтап, амбулатордук түрдө 11 миң 483 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 25 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 442 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 790 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 161 миң 973 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 142 миң 984 киши айыгып чыкса, 2 миң 311 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар