09:14
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 930 кишиден вирус аныкталып, 13 киши каза болду

Кыргызстанда 29-июлга карата коронавирус дагы 930 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 528, Ош шаарында — 4, Чүй облусунда — 142, Ош облусунда — 43, Талас облусунда — 16, Нарын облусунда — 17, Ысык-Көл облусунда — 57, Жалал-Абад облусунда — 67, Баткен облусунда — 56 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 1 миң 460 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 991, Ош шаарында — 29, Чүй облусунда — 135, Ош облусунда — 55, Талас облусунда — 15, Нарын облусунда — 34, Ысык-Көл облусунда — 30, Жалал-Абад облусунда — 86, Баткен облусунда — 85 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 7, Чүй облусунда 3, Ысык-Көл, Ош облустарында жана Ош шаарында бирден бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 746 бейтап, амбулатордук түрдө 12 миң 164 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 17 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 417 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 756 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 161 миң 15 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 141 миң 499 киши айыгып чыкса, 2 миң 301 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар