00:14
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

COVID-19. Бир суткада 969 кишиден вирус аныкталып, 14 киши каза болду

Кыргызстанда 27-июлга карата коронавирус дагы 969 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 611, Ош шаарында — 6, Чүй облусунда — 86, Ош облусунда — 22, Талас облусунда — 18, Нарын облусунда — 20, Ысык-Көл облусунда — 59, Жалал-Абад облусунда — 88, Баткен облусунда — 59 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 1 миң 616 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 1 миң 107, Ош шаарында — 71, Чүй облусунда — 179, Ош облусунда — 47, Талас облусунда — 8, Нарын облусунда — 17, Ысык-Көл облусунда — 28, Жалал-Абад облусунда — 82, Баткен облусунда — 77 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 8, Чүй облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 2, Нарын облусунда 1 бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 935 бейтап, амбулатордук түрдө 13 миң 272 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 24 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 378 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 685 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 159 миң 89 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 138 миң 316 киши айыгып чыкса, 2 миң 275 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби