10:29
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 973 кишиден вирус аныкталып, 12 киши каза болду

Кыргызстанда 26-июлга карата коронавирус дагы 973 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 637, Ош шаарында — 23, Чүй облусунда — 72, Ош облусунда — 12, Талас облусунда — 18, Нарын облусунда — 18, Ысык-Көл облусунда — 39, Жалал-Абад облусунда — 74, Баткен облусунда — 88 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 1 миң 568 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 1 миң 87, Ош шаарында — 49, Чүй облусунда — 148, Ош облусунда — 67, Талас облусунда — 4, Нарын облусунда — 7, Ысык-Көл облусунда — 47, Жалал-Абад облусунда — 74, Баткен облусунда — 88 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 8, Чүй облусунда 4 бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 187 бейтап, амбулатордук түрдө 13 миң 691 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 11 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 354 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 651 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 158 миң 120 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 136 миң 700 киши айыгып чыкса, 2 миң 261 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар