22:41
USD 84.76
EUR 100.89
RUB 1.16

Акин Токтоналиевдин Садыр Жапаровго каршы арызын сот кабыл алган жок

Биринчи май райондук соту Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдакы башчысы Акин Токтоналиевдин президент Садыр Жапаровго жана анын мурдакы маалымат катчысы Галина Байтерекке каршы доо арызын кабыл алган жок. Бул тууралуу соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, Акин Токтоналиевдин арызы толук жазылган эмес. Ал Галина Байтеректин дарегин көрсөтүп, мамлекеттик пошлинаны төлөгөн эмес.

Белгилей кетсек, Акин Токтоналиевдин пикиринде Садыр Жапаров жана анын маалымат катчысы Галина Байтерек ал жөнүндө такталбаган маалыматты таркатып, ар-намысына шек келтирген. 

Ал президенттен 100 миллион сом талап кылды. 

Акин Токтоналиев Садыр Жапаров соттолгон кезде анын жактоочусу болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар