12:45
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кара-Суу райондук соттун имаратында жактоочуну сабап салышты

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда сот залында Папан айылдык башкармалыгынын башчысы Тилек Матраимовдун тарапташтары жактоочу Айсалкын Карабаеваны сабап салышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жабырлануучу айтты.

Айтымында, ал милицияга арыз жазды, бирок укук коргоо органдары эч нерсе кыла элек.

«Кара-Суу райондук сотунда Папан айылындагы жерди мыйзамсыз сатуу боюнча териштирүү болгон. Аталган иш боюнча күнөөлүү катары айыл өкмөттүн жооптуу катчысы жооп берүүдө. Буга чейин «Кызыматтык жасалмачылык» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Чырдашуу биринчи жолу эле болуп жаткан жок. Акыркы окуяга чейин деле милицияга арыз жазганбыз, бирок кылмыш ишин козгоодон баш тартып коюшкан. 17-декабрда мени сот залынан сабашты. Баш мээм чайкалып ооруканага жаттым», -деди Айсалкын Карабаева.

Жактоочунун айтымында, кылмыш ишин козгоого айыл башкармасынын акими Тилек Матраимов жол бербей жатат. Мындан тышкары бул ишти козгобоого РИИБнын башчысы жана райондук прокурордун орун басары Саркар Эшманов кызыкдар.

«Процесс 4 айдан бери создуктурулуп келет. Бизге бир канча жолу кол салуу болду, бизди качан өлтүрөт деп күтүп жатышкандай. Тилек Матраимов Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууганы», -деди жактоочу.

Ош ОИИБ жактоочуну сабаган фактыны тастыктады. Учурда териштирүү жүрүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар