21:34
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Ошто добуш сатып алууга аракет кылган талапкер кармалды

Ош шаардык кеңешке аттанып жаткан талапкер кармалды. Бул тууралуу ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын 7-июлунда саат 22:00 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан «шайлоочулардын добуштарын сатып алууга» шектүү катары дагы бир жаран кармалып, тергөө кызматына алынып келинди.

«Ал Ош шаардык кеӊешине шайлоого аттанган партиялардын биринин атынан депутаттыкка талапкер. Бул талапкер тарабынан шайлоочуларга берилген акча каражаттары алынып, тиешелүү көрсөтмөлөр толптолууда, күбөлөр суралууда. Тергөө иштеринин жүрүшү тууралуу дагы кошумча маалымат беребиз», — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Ага чейин Ошто добуш сатып алууга шектелген дагы бир талапкер кармалып, 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Эң көп окулган жаңылыктар