00:43
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

COVID-19. Бир суткада 1 миң 485 кишиден вирус аныкталып, он адам каза болду

Бир суткада 1 миң 485 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 923, Ош шаары — 33, Чүй облусу — 165, Ош облусу — 109, Талас облусу — 22, Нарын облусу - 24, Ысык-Көл облусу — 38, Жалал-Абад облусу — 91, Баткен облусу — 80 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында алты, Баткен облусунда эки, Чүй жана Талас облустарында бирден бейтап каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 127 миң 880 киши вируска чалдыгып, 2 миң 19 бейтап көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума