07:16
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

COVID-19. Бир суткада 1 миң 392 кишиден вирус аныкталып, тогуз адам каза болду

Бир суткада 1 миң 392 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 803, Ош шаары — 78, Чүй облусу — 197, Ош облусу — 60, Талас облусу — 20, Нарын облусу - 17, Ысык-Көл облусу — 37, Жалал-Абад облусу — 97, Баткен облусу — 83 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында беш, Баткен облусунда эки, Чүй жана Жалал-Абад облустарында бирден бейтап каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 126 миң 395 киши вируска чалдыгып, 2 миң 9 бейтап көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума