03:01
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

COVID-19. Бир суткада 1 миң 92 кишиден вирус аныкталып, он адам каза болду

Бир суткада 1 миң 92 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 602, Ош шаары — 60, Чүй облусу — 177, Ош облусу — 47, Талас облусу — 15, Нарын облусу - 12, Ысык-Көл облусу — 26, Жалал-Абад облусу — 83, Баткен облусу — 70 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында төрт, Чүй облусунда үч, Жалал-Абад, Талас жана Ысык-Кол облустарында бирден бейтап каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 123 миң 38 киши вируска чалдыгып, 1 миң 992 бейтап көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар