20:21
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

COVID-19. Бир суткада 875 кишиден вирус аныкталып, алты адам каза болду

Бир суткада 875 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 395, Ош шаары — 55, Чүй облусу — 128, Ош облусу — 109, Талас облусу — 12, Нарын облусу - 10, Ысык-Көл облусу — 27, Жалал-Абад облусу — 90, Баткен облусу — 49 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында беш, Чүй облусунда бир бейтап каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 118 миң 981 киши вируска чалдыгып, 1 миң 964 бейтап көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума