12:30
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

COVID-19. Бир суткада 738 кишиден вирус аныкталып, сегиз адам каза болду

Бир суткада 738 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 360, Ош шаары — 93, Чүй облусу — 51, Ош облусу — 108, Талас облусу — 4, Нарын облусу - 5, Ысык-Көл облусу — 26, Жалал-Абад облусу — 60, Баткен облусу — 31 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында төрт, Чүй облусунда эки, Ош шаары жана Жалал-Абад облусунда бирден бейтап каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 117 миң 284 киши вируска чалдыгып, 1 миң 953 бейтап көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума