11:02
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

COVID-19. Бир суткада 931 кишиден вирус аныкталып, сегиз адам каза болду

Бир суткада 931 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 435, Ош шаары — 147, Чүй облусу — 129, Ош облусу — 93, Талас облусу — 4, Нарын облусу - 5, Ысык-Көл облусу — 27, Жалал-Абад облусу — 50, Баткен облусу — 41 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында беш, Чүй облусунда эки, Ош облусунда бир бейтап каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 116 миң 546 киши вируска чалдыгып, 1 миң 945 бейтап көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар