03:04
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Ала-Бука районунда ири соода-логистикалык борбор курула баштады

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Баястан айылында «Бай-Талаа» ири соода-логистикалык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, борборду куруу буга чейин Өзбекстандын Наманган облусу менен Кыргызстандын Жалал-Абад облустарынын ортосунда түзүлгөн кызматташуу жол картасынын алкагында ишке ашырылууда.

Аталган соода-логистикалык борбордун пайдубалына капсула салуу иш-чарасына министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Наманган облусунун акиминин орун басары Окибжон Инамов, Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев, жергиликтүү бийлик жетекчилери жана айыл тургундар катышты.

Өкүл бул кадамдар өлкө башчыларынын жолугушуусундагы демилгелерди ишке ашыруу, эки элдин ынтымагын бекемдөө, жашоо турмушун жакшыртуу менен ишкердикти колдоо багытындагы аракеттер экенин баса белгиледи.

Ала-Бука районунун Баястан айылындагы «Бай-Талаа» соода-логистикалык борбору Наманган облусунун Кара-Суу айылына жакын болгон чек ара аймагында жайгашып, жалпы аянты 20 гектар жерди ээлейт. Анда эки облуста өндүрүлгөн айыл чарба, эт азыктарын сактоо, экпортко чыгаруу, тери менен жүндү кайра иштетүү жана башка бир канча багыттар боюнча иш алып барылат.

Мекеменин курулушу аяктаса анда эки миңдей жумушчу орун түзүлөт. Азыркы учурда борборго керектелүүчү коммуникациялык иштер бүткөрүлүп, 75 метр тереңдиктен суу чагырылган. Долбоордун биринчи этабын ушул жылдын сентябрь айына бүткөрүү пландалып, ал Жалал-Абаддагы «Кыргыз Эко Экспорт» жоопкерчилиги чектелген коому менен Наманган облустарынын жеке ишкерлеринин биргелешкен каржылоосунда жүрүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар