03:21
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

COVID-19. Бир суткада 585 кишиден вирус аныкталып, алты адам каза болду

Бир суткада 585 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 353, Ош шаары — 54, Чүй облусу — 9, Ош облусу — 19, Талас облусу — 9, Нарын облусу - 4, Ысык-Көл облусу — 22, Жалал-Абад облусу — 80, Баткен облусу — 35 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында төрт, Ош жана Ысык-Көл облустарында бирден бейтап каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 115 миң 615 киши вируска чалдыгып, 1 миң 937 бейтап көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар