23:29
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

COVID-19. Бир суткада 787 кишиден вирус аныкталып, төрт адам каза болду

Бир суткада 787 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 368, Ош шаары — 97, Чүй облусу — 130, Ош облусу — 96, Талас облусу — 11, Нарын облусу — 2, Ысык-Көл облусу — 20, Жалал-Абад облусу — 38, Баткен облусу — 25 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында төрт бейтап каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 112 миң 777 киши вируска чалдыгып, 1 миң 916 бейтап көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар