04:25
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Сания Токтогазиева: Президенттик администрация улуттун кызыкчылыгын тебелөөдө

Президенттик администрациянын Гаага сотуна кайрылуу боюнча билдирүүсү өлкө башчысын жана жалпы эле мамлекеттик бийликти ачык кемсинтүү. Бул тууралуу юрист Сания Токтогазиева билдирди.
 
Анын айтымында, президенттик администрация Эл аралык кылмыш сотунун ишин түшүнбөстүгүн толук көрсөттү.
 
«Эл аралык сотко кайрылуу мамлекеттик орган эмес, көз-карандысыз юристтер жана жарандык коомдун атынан жөнөтүлдү. Президенттик администрациянын атынан эч кандай билдирүүнүн кереги жок болчу. Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгын тебелегендин ордуна унчукпай коюшса болмок», — дейт ал.
 
Эскерте кетсек, юрист Сания Токтогазиева баштаган топ 28-30-апрелде Тажикстандын Кыргызстанга карата аскердик кол салуусу боюнча Эл аралык кылмыш сотуна арыз жолдогон.
 
Эң көп окулган жаңылыктар