17:26
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 647 кишиден вирус аныкталып, жети адам каза болду

Бир суткада 647 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 257, Ош шаары — 118, Чүй облусу — 73, Ош облусу — 120, Талас облусу — 6, Нарын облусу — 9, Ысык-Көл облусу — 15, Жалал-Абад облусу — 26, Баткен облусу — 23 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында жана Жалал-Абад облусунда экиден, Ош шаарында, Ош жана Чүй облустарында бирден бейтап каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 111 миң 990 киши вируска чалдыгып, 1 миң 912 бейтап көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар