11:35
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Жогорку Кеңештин депутатынын жасалма диплому аныкталды

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин тарых факультетин аяктаган эмес. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, Билим берүү жана илим министрлиги Төрөбай Зулпукаровдун дипломун текшерип чыгып, анын жасалма экендигин аныктаган.

Депутат КУУнун сырттан окуу бөлүмүндө 1995-1998-жылдары окуп, 1998-жылы акча төлөбөгөнү үчүн окуудан чыгарылган. Андыктан ага диплом берилген эмес.

Төрөбай Зулпукаровдун № 748 каттоо номериндеги диплому Чолпон Усубалиева аттуу бүтүрүүчүгө таандык болуп чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар