12:17
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

COVID-19. Бир суткада 459 кишиден вирус аныкталып, тогуз адам каза болду

Бир суткада 459 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 178, Ош шаары — 122, Чүй облусу — 3, Ош облусу — 46, Талас облусу — 4, Нарын облусу — 10, Ысык-Көл облусу — 11, Жалал-Абад облусу — 64, Баткен облусу — 21 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында алты, Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында бирден бейтап каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 110 миң 829 киши вируска чалдыгып, 1 миң 899 бейтап көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар