13:58
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

«Ак Бата» партиясы Бишкек шаардык кеңешке кайра шайлоого катышпайт

«Ак Бата» партиясы Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоого катышпайт. Бул тууралуу партиянын лидери Нариман Түлеев фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырды.

Нариман Түлеев шаардык кеңешке эмес, алдыда өтө турган парламенттик шайлоого катыша турганын жазган.

Эскерте кетсек, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоо 11-июлда өтүп, бүгүнкү күнгө шайлоого катышуу үчүн 16 партия арыздарын тапшырган.

Эң көп окулган жаңылыктар