Эрмат Жураев Каракол шаарынын мэри болуп шайланды. Анын талапкерлигин шаардык кеңештин бүгүнкү жыйынында 31 депутат колдошту.
Маалыматка караганда, мэрлик кызматка шаардын мурдагы башчысы Адыл Каниметов жана учурдагы муниципалитеттин башчысынын милдетин аткаруучу Эрмат Жураев ат салышкан.
Жураев үчүн 19 эл өкүлү, Каниметов үчүн 12 депутат добуш берген.